Жайылда алдамчылыкка айыпталып уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Чүй облусунун Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-мартта Жайыл РИИБине 1955-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда таанышы анын ишенимине кирип 2020-жылы 1 баш бодо малын жана 17 баш майда жандыктарын карызга алып, бир жылдан кийин кайра ошончо баш малды кайтарып берүүнү убада кылганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин малдарды кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.
Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга шектелип 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалды. Териштирүү учурунда ал ИИМдин ыкчам алдын алуу каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.
Териштирүү иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.