super.kg logo

Араванда дүкѳндѳн 8 уюлдук телефон уурдаган чет ѳлкѳлүк жаран кармалды

 

Араванда дүкѳндѳн 160 миң сомдук телефон уурдаган чет ѳлкѳлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-январында Араван районунун Тѳбѳ-Коргон айылынын тургуну К.М. аттуу жаранга таандык үй-тиричилик дүкѳнүнѳ белгисиз адам мыйзамсыз жашыруун түрдѳ терезесин сындырып кирип анын ичинен ар биринин баасы 20 миң сом болгон таңгактарга салынган 8 даана жаңы уюлдук телефондорун уурдап окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

"2022-жылдын 4-мартында бул кылмышка шектүү катары Ѳзбекстан Республикасынын жараны Анжиян облусунун жашоочусу 19 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 205-берене менен кылмыш иши козголду. Араван райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 15 күнгѳ камакка алынды. Азыркы учурда арыз ээсине келтирилген 160 миң сомдук чыгымдын ордун толтуруу боюнча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: