super.kg logo

РСК Банк: Visa жана Mastercard карталары кадимкидей эле иштеп жатат

 

«РСК Банк» ААК «РСК Банктын» Visa жана Mastercard эл аралык төлөм карталары кадимки абалында иштеп жаткандыгы тууралуу маалымдайт.

Эл аралык Visa жана Mastercard төлөм компаниялары өз кезегинде «РСК Банкка» бул карталар мурдагыдай иштей берерин расмий түрдө тастыкташты. Кыргызстандын аймагында чыгарылган карталарды өчүрүү күтүлбөйт.

Бардык карта операциялары (нак эмес төлөм, банкоматтан акча каражаттарын алуу, онлайн сатып алуулар ж.б.) үзгүлтүксүз ишке ашырылууда.

«РСК Банктын» Visa жана Mastercard карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тейлене тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Бирок бул карталар учурда Россия Федерациясына карата колдонулган санкцияларга байланыштуу Россия Федерациясынын аймагында гана иштебей турат. Учурда орус сайттарында онлайн сатып алуулар да мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда Visa жана Mastercard карталарынан тышкары, «РСК Банк» «Элкарт» улуттук төлөм картасын даярдап чыгарып жана тейлей тургандыгын эске сала кетебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: