Бишкек-Дубай аба каттамынын жүргүнчүсү көп өлчөмдөгү алтынды алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды



Өзбекстандын жараны Кыргыз чек арасы аркылуу алтын зер буюмдарын алып өтүүгө аракет кылган. Бажы кызматынан кабарлашкандай, зер буюмдардын жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашат.
Белгилүү болгондой, "Манас" бажысынын жана “Манас” авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери декларацияланбаган колго жасалган сары металлдан жасалган зер буюмдарды аныкташкан.
"ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген товар Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп келе жаткан Өзбекстандын жараны Р.М`нын жүгүнөн табылды.
Товардын жалпы салмагы 583,05 граммды түзүп, орточо базар баасы 2 миллион 42 миң 250 сомду түзөт. Бул факты каттоого алынды", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.