Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда унаалардын каттамына чектөө киргизилди
Жалал-Абадда Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолуна унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.Белгилүү болгондой, 10-мартта саат 12:50 чамасында Чаткал районунун Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун болжол менен 70-75-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) жалпы көлөмү 395 миң 200 метр куб кар көчкү түшкөн. Саат 23:00дө жол бир тараптуу ачылган.
"Тазалоо иштери бүгүн да улантылып 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00дө убактылуу токтотулду. Аталган унаа жолдо абал турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















