super.kg logo

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Mercedes-Benz ала салып 1 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү

 

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Mercedes-Benz ала салып 1 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 12-мартта саат 08:30дар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 153,8 чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 67 жаштагы Р.А. аттуу тургуну Mercedes-Benz унаасын айдап бара жатып, жол кырсыгына кабылган.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу жогорку ылдамдыкта бара жатып бурулушта рулга ээ боло албай унаа ала салып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочусу 67 жаштагы Р.А. жүргүнчүлөрү 69 жаштагы К.Ф. жана 68 жаштагы М.М. Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми 61 жаштагы М.А. аттуу аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Унаада бара жаткандардын баары Балыкчы шаарынын тургундары.

Учурда унаа айып аянтчасына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: