super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибековдун жубайы журналисттерден кечирим сурады

 

Депутат Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова журналисттерден кечирим сурады. Ал муну маалымат булактарынын бирине билдирди.  Келдибековдун баш коргоо чарасы тандалып, аны 2 айга камакка алуу чечими чыкканда журналисттерге катуу сөз айтканын моюнга алды Токтоматова. “Эмоцияга алдырып журналисттерди капа кылып алган окшоймун. Жалпы журналисттерден кечирим сурайм, силер деле мени түшүнгүлө. Кыргыздын мыкты жигити, Кыргызстан үчүн иштеген жигитти айыптап жатса абдан нааразы болдум”,- дейт депутаттын жубайы.

Эскерте кетсек, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камоо чечимин чыгарганда Аида Токтоматова "Дело №" гезитин, КТРК, ЭлТР, 5-каналды туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн сотко берерин айткан. "Тизмеге бизде жок байлыктар да кошулуп көрсөтүлүптүр. Байлыкты таза жол менен иштеп тапканыбызды далилдеп, жолдошумду күнөөлөгөндөрдү чөгөлөтөм",- деген болчу Токтоматова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: