super.kg logo
  Саясат  

"1,2 миллион доллар кайтарды". Алдамчылыкка айыпталып абакта отурган Алиярбек Абжалиев бошотулду

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде экс-депутат камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион долларынан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган.

Буга байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: