super.kg logo
  Саясат  

Түркмөнстандагы кезексиз президенттик шайлоодо 97 пайыздан ашуун шайлоочу добуш берди

 

Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп, шайлоочулардын 97 пайызы добуш берди. Мындай билдирүүнү Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Кечээ, 12-мартта Түркмөнстандагы кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда 9 талапкер ат салышкан. Алардын үчөө ар кайсы саясий партиялардын өкүлү болсо, алтоо өзүн-өзү сунуштагандар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда 3,4 миллион шайлоочунун 97 пайыздан ашууну шайлоо участкаларына келип добуш беришкен.

Эл аралык эксперттер жогоруда айтылган 9 талапкердин ичинен чыныгы талапкер азыркы президенттин уулу Сердар Бердымухамедов экенин белгилешүүдө. Калган 8 адам жөн гана эл көзүнө чыгарылган, бийликтин талапкерлери экени айтылууда.

Алардын пикиринде бул шайлоо жөн гана президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердарга бийликти өткөрүп берүүнүн формалдуу бөлүгү.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин дагы бир гана Сердар Бердымухамедов толук кандуу жүргүзүп, өлкөнү түрө кыдырган.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын 7 күндөн кийин жарыялайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: