super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттердин жыйынына катышууда

 
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 25-ноябрда Бахрейндин Манама шаарында өтүп жаткан “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттердин 12-жыйынына катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. 
Бул жыйында “Азия мамлекеттери аралык туризмдин өнүгүүсү” аталыштагы теманын тегерегинде талкуу болуп, анда туризмди өнүктүрүү жолдору, мамлекеттер аралык кызматташуу, туризмдеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алмашуулар болот. Кошумчалай кетсек, “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмун негиздөө 2002-жылы Таиланд тарабынан сунушталган. Анын максаты - Азиядагы аймактык форумдардын өз ара кызматташуусун өркүндөтүүдө көпүрөлүк милдетти аткаруу. Бүгүнкү күндө бул уюмга Азия менен Ыраакы Чыгыштан 33 мамлекет мүчө болгон. Кыргызстан бул уюмга 2008-жылы мүчө болуп катталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: