Абдыманап Кутушев, депутат: “Топтолгон бир ууч адамдар бүтүндөй мамлекетке талап койбошу керек”
“Топтолгон адамдар, айылда жашаган элдин бир бөлүгү бүтүндөй мамлекетке талап койбошу керек”,- дейт депутат Абдыманап Кутушев (КСДП). Депутаттын билдирүүсүндө, депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулган Ош-Эркечтам унаа жолундагы абал айтылат.
“Көптөгөн жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар өтө албай токтоп турат. Жеке жумуштары менен жол жүргөндөр жана ооруканага бара жаткан адамдар жапа чегүүдө”,- деген депутат оор жүк ташуучу унаалардын токтоп турушу "Кара-Суу", "Ош базарларында" товардын жетишсиздигин жаратышы мүмкүн экенин айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
-1

