super.kg logo

Жогорку Кеңештин 4 депутатынын жана бир катар мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору шек жаратып, текшерилүүдө

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма дипломдорду колдонууга шектелгендерди текшерүүдө. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 4 депутаты, Жогорку Кеңештин аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1 кызматкери, медицина тармагынын 1 кызматкери, билим берүүнүн 17 кызматкери, Социалдык фонддун 1 кызматкери, банктын 2 кызматкери, муниципалдык кызматтын 4 кызматкери, Муниципалдык аймактык башкаруунун 1 адиси, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, райондук мамадминистрациянын 1 башчысы, айыл аймагынын 7 башчысы, айыл аймак башчыларынын 2 орун басары, айылдык аймактардын 7 кызматкери, айылдык кеңештин 5 депутатынын дипломдору текшерилүүдө.

"Ошондой эле кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кетти. Мамлекеттик кызматтын 12 кызматкеринин чет элдик жарандыгы бар же жогу текшерүүгө алынды", - дешет комитеттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: