super.kg logo

Бишкекте окуучу кыздардын зер буюмдарын чечип алып, издөөдө жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте окуучу кыздардын алтындарын чечип алганга шектүү кармалды. Окуя 11-мартта Кара-Жыгач конушунда орун алганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунун аймагындагы орто мектептердеги окуучу кыздардын алтын сөйкө, шакек, чынжырларын жана башка буюмдарын алдоо жолу менен тартып алганы үчүн 30 жаштагы Ж.А.Д. издөөдө жүргөн.

"Шектүү Бишкек шаарынан колго түшүрүлүп, 2022-жылдын башынан бери кыздардын баалуу буюмдарын тартып алуу максатында ал жакка барып турганы аныкталды. Маалыматка ылайык, ал 10го жакын окуучунун зер буюмдарын чечип алган. Буга чейин кармалган жаранга карата мындай кылмыштары үчүн бир нече жолу иш козголуп, соттолгон.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле алдамчынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: