Казакстанда 10 миң доллардан ашык акча жана алтын алып чыгууга тыюу салынды

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстан Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Аталган жарлыкка ылайык, өлкөдөн 10 миң доллардан ашык накталай валютаны алып чыгууга тыюу салынат.
"Казакстан Республикасынан накталай чет өлкө валютасын жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын чегинен (10 миң доллардан ашпашы керек) ашкан өлчөмдө алып чыгууга тыюу салынсын", - деп жазылат президенттин жарлыгында.
Мындан тышкары алтын куймалары жана алтындан жана күмүштөн жасалган инвестициялык монеталар чет өлкөгө экспорттоого тыюу салынган.
Өз кезегинде Казакстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматы мындай чектөөлөр "финансылык туруктуулуктун тобокелин алдын алуу жана алып-сатарлык суроо-талаптын басымын азайтуу максатында" киргизилгенин түшүндүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.