super.kg logo

Сокулук районунда 3 бала түтүнгө ууланып каза болду

 

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 3 бала түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрда болгон. Ошол эле күнү болжол менен саат 14:25тер чамасында Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2010-жылы туулган Жазира Абдымамытованы жана 2007-жылы туулган Кадыр уулу Аккан жана Кадыр кызы Айканды алып келишкен. Бирок аларды дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.

Маалыматтарга караганда, 3 жаштагы Жазира үй ээсинин кызы болгон. Ал эми эгиздер Аккан менен Айкан Орусияда иштеп жүргөн жакын тууганынын балдары болчу.       

Үй ээлери 24-ноябрь күнү саат 09:00дөр чамасында үйдүн бир бөлмөсүнө 6 жана 3 жаштагы балдарды жалгыз таштап, сыртынан бекитип жумушка кетишкен. Болжол менен 11.00дөр чамасында үй ээсинин бири келип балдардын курсагын тойгузуп, кайра жумушуна кеткен. 14.00дөрдө  үйгө кайтып келип, терезеден түтүн чыгып, бөлмөнүн ичиндеги 3 бала түтүнгө ууланып калышканын көрүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бөлмөнүн ичинде колго жасалган жылыткыч орнотулган. Мына ошол жылыткычтын зымы ысып, өрт чыккан. Анын натыйжасында бөлмөдөгү жууркан күйүп, түтөгөн. Узарткыч зым жууркандын алдынан өтчү. Учурда  тергөө амалдары жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
25.11.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиши болсун ии байкуштар жаман болгон турбайбы детсадка беришпейби караган кишиси жок болгондон кийин аякта орун жок болсо нянька жалдашпайбы
25.11.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meky85, ашыкча акчасы жок учун уйдо калтырды да жамандык болгонун билгенде уйдо отурат эле.Эч кор тиргилик.
25.11.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор балекетинден эгиз балдардын ата энеси орусияда болсо эми кантет экен
25.11.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх замана ата эне карасан боло баланды
25.11.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды жалгыз таштап болобу, анын устуно ток бар уйго. Зым куйбосо да, токту кармап алышы мумкун . Периште бойдон кетишти да, ата-энесинин абалын элестеткенден да корком.
25.11.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий байкуш наристелердин жаны кандай кыйналды жаткан жерлери жайлуу болсун.
erkin-by түзөттү 25.11.2013 17:17
25.11.2013. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгиз балдардын ата энесине ичим ачышып кеетти Кудай кырсыктан сактай кор
25.11.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кырсыкты эч кимдин башына бербесин!
26.11.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык бейгам ата эне да болобу эээ тооба баланы кантип таштап кетишет жалгыз уйго?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: