Эфирден кийин эле жоголгон. "Биринчи каналдын" түз эфиринде плакат көтөрүп чыккан кыз дайынсыз болууда



"Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникова эфирде "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыккандан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу анын жактоочулары билдиргенин "Медуза" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, башында жактоочулар аны Останкино РИИБинде же теле каналдын аймагындагы полиция бөлүмүндө деп ойлошкон. Бирок алар аны таба алышкан эмес. Овсянникованын эки баласы бар.
"Биз биринчи аны табуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деген жактоочу Дмитрий Захватов.
Кечээ, 14-март күнү кечинде Орусиянын "Биринчи каналы" түз эфирде жаңылык көрсөтүп жаткан маалда Марина Овсянникова согушту токтотууга чакырган плакат менен кирип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.