super.kg logo
  Саясат  

Электр жарыгынын өчкөнүнөн улам оорулуулар гемодиализсиз калышты

 
Электр жарыгынын жоктугунан улам гемодиализ ала турган оорулуулар тиешелүү жардам ала албай жатышат. Маалыматка караганда, мындай окуя Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүндөгү электр зымдарын оңдоо иштеринен улам пайда болгон.
Бүгүн “ЮРФА” медициналык мекемесине гемодиализ алууга 15 адам келген. Аларга электр жарыгы өчүрүлөрү тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес. Дарыгерлердин генератордун жардамы менен электр жарыгын беребиз деген аракетинен майнап чыкпай, оорулуулар гемодиализсиз калышты.
Бул окуя тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коому “ЮРФА” клиникасы өндүрүштүк колдонуучу катары каттоодон өтпөгөндүгүн, ошондон улам аларга электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү каралбаганын, азыркы тапта бул мекеме кадимки абонент катары гана катталганын билдиришти. Ал эми “ЮРФА” клиникасы “Түндүк электр” ишканасына кубаттуулугу 120 киловатты түзгөн электр жарыгын сатып алуу үчүн кайрылуу жасаган. Азыркы тапта “Датка-Кемин” жогорку вольттуу линиясын ишке киргизүү аракети көрүлүп жаткандыктан, жогорку кубаттуу электр энергиясын берүүгө мораторий жарыяланып, клиниканын суранычы канааттандырылган эмес. Ага карабастан “ЮРФАга” кубаттуулугу 6-10 киловатты түзгөн, үзгүлтүксүз электр жарыгын бере турган менчик трансформаторду коюуга уруксат берилген. Бирок бул трансформатор да орнотулган эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: