super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети унаалардын алдынкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдынкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда.

Андан тышкары жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыгып, 14 мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: