super.kg logo

БУУ: "Украинадан чыккан качкындардын саны 3 миллионго жетти"

 

Украинадан чыгып кеткен качкындардын саны 3 миллионго жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына таянып жазып чыгышты.

Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты тастыктап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1 миллион 400 миңи жаш балдар экенин билдирди.

БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-мартка карата Украинадан 2 миллион 969 миң 600 адам чыгып кеткен.

Маалыматка ылайык, согуштан качкан украин жарандары негизинен Польшанын, Румыниянын, Молдованын, Венгриянын, Словакиянын жана Орусиянын аймагына өткөн.

Качкындар боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди мурдараак Украинадан качкандардын саны “Европадагы Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң көрсөткүчкө жеткенин айтып, муну өтө чоң качкындар кризиси” деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: