"Биринчи каналдын" түз эфиринде плакат көтөрүп чыккан редакторго айып пул салынды
"Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянниковага түз эфир учурунда "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыкканы үчүн 30 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Жазылган маалыматтарга ылайык, сот Овсянниковага макулдашылбаган коомдук акцияны уюштурууга күнөөлүү деп таап, 30 миң рубль өлчөмүндө айып пул салган.
Буга чейин Марина Овсянникова эфирде "Согушту токтоткула, бул жерде калп айтып жатышат" деген плакат менен чыккандан бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.
Кечээ, 14-март күнү кечинде Орусиянын "Биринчи каналы" түз эфирде жаңылык көрсөтүп жаткан маалда Марина Овсянникова согушту токтотууга чакырган плакат менен кирип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.