super.kg logo

Улуттук банк "О!Деньги" сервисин маанилүү төлөмдүк тутум деп тааныды

 

"О!Деньги" төлөм тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча "О!Деньги" сервисин маанилүү төлөмдүк тутуму катары таанылгандыгы жөнүндө тиешелүү кабарламаны алгандыгын билдирди.

2021-жылдын экинчи жарымы боюнча "О!Деньги" төлөмдүк тутуму улуттук валютадагы чекене сатуулардын жалпы санынын 35%дан кем эмес төлөмдөрдү иштеп чыкты, бул тутумду маанилүү деп таанууга негиз болуп калды.

Маанилүү төлөмдүк тутум – накталай жана накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүнүн каражаты катары калктын улуттук валютага болгон ишенимин колдоого шарт түзө турган тутум болуп саналат.

Бүгүнкү күндө "О!Деньги" сервиси Кыргызстандын рыногунда төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча алдынкы позицияны ээлеп турат жана калктын 80%ын потенциалдуу камтуу менен өлкөнүн бардык облустарында жана аймактарында бар.

Сервистин артыкчылыктары:

  • Кыргызстандагы кеңири терминалдык тармак – бүт өлкө боюнча 3000ден ашуун төлөм терминалдары;
  • Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча 7000 жайдан турган кеңири агенттик тармак;
  • Капчыктан акчаларды накталай алуунун 100дөн ашуун жай;
  • "О!Деньги" электрондук капчыгы аркылуу 2000ден ашуун сервистер;
  • Алты өлкөнүн капчыктары менен банктык карталарына каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгү.

"О!Деньги" капчыгы колдонуучулар тарабынан 2 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн "Мой О!" тиркемесине кошулгандыгын белгилей кетмекчибиз.

"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. "О!Деньги" электрондук акчалардын эмитенти – "Дос-Кредобанк" ААК, КР УБ лиц.: №037.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: