super.kg logo

Ошто аялынын кабыргаларын сындыра сабаган киши 2 айга камалды

 

Ош шаарында 35 жаштагы келин күйөөсү тарабынан сабалып, кабыргасы, манжасы сынган. Шаардык ички иштер башкармалыгынан жабырлануучунун күйөөсү кармалганын, ал күнөөсүн моюнга алганын билдирген.

Учурда кармалган жаран 2 айга СИЗО-5ке камакка алынды. Башкармалыктан кабарлашкандай, мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Окуянын чоо-жайы:

22-февралда 35 жаштагы келин милицияга арыз менен кайрылып, күйөөсү мас абалында сөгүп, уруп, денесине жаракат келтиргендигин айткан. Ошондой эле келин мындай зомбулук буга чейин бир нече ирет болуп келгендигин кошумчалаган. Жабырлануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген. Кылмышка шектелип жабырлануучунун 41 жаштагы күйөөсү кармалып, кылгандарын моюнга алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: