super.kg logo

Орусия Украинанын 1350 танкын жок кылгандыгын жарыялады

 

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы кагылышуу башталгандан бери Украинанын 1350дөн ашык танкын жана бронетехниканы жок кылды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковго таянуу менен орус басылмалары жазды.

Анын айтымында, Украинадагы кагылышуу башталгандан бери Украинанын 160 учкучсуз учагы, 111 учагы, 68 тик учагы, 159 абадан коргонуу системасы, 1353 танк жана бронетехникасы, 129 ракеталык системасы, 493 миномёт жана артиллериялык куралы, 1096 атайын техникасы жок кылынган.

Ошондой эле өткөн суткада Орусиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн авиациялык жана абадан коргонуу системалары Украинанын эки Су-25 истребителин Чернигов облусунда жана бир МиГ-29 истребителин Новая Быковка облусунда атып түшүргөн.

Мындан тышкары төрт дрон жок кылынды. Бир күндүн ичинде орус учактары Украинадагы 128 аскерий бутага сокку урган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: