super.kg logo

Токаев Казакстан супер президенттик башкаруудан баш тартарын айтты

 

Казакстан супер президенттик башкаруудан баш тартып, күчтүү парламенти бар президенттик башкарууга өтөт. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 16-мартта парламент палаталарынын бирдиктүү жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал казак элинин узак мөөнөттүү кызыкчылыгы, кошумча ыйгарым укуктарга караганда маанилүү экенин айтты.

"Азыр бардык иш президенттин колунда, мындай жол туура эмес. Акырындык менен мындан кетишибиз керек. Мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыгы мен үчүн кошумча ыйгарым укуктарга караганда маанилүү", - деди Токаев.

Муну менен катар саясий реформа жүргүзүү боюнча долбоор сунуштап жатканын, ал кагаз эмес, иш жүзүндө жүрөрүн айткан.

“Биз ар бир казакстандык сезе турган конкреттүү чараларды көрүшүбүз керек", - деди Токаев.

Ошондой эле өзү жетектеген "Аманат" партиясынан кетерин, муну мыйзам менен дагы беките турганын белгиледи. Ал мыйзам боюнча президент партияга мүчө боло албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: