Депутат вице-мэрди Бишкектеги автобустун айдоочуларынын күнүмдүк планы 5 миң сом деген маалыматты текшерүүнү сунуштады
Депутат Мирлан Самыйкожо вице-мэр Максатбек Сазыкуловду Бишкектеги автобустун айдоочуларынын күнүмдүк планы 5 миң сом деген маалыматты текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Автобустун айдоочулары дагы адам. Алардын күнүмдүк планы канча?", - деп сурады депутат.
Сазыкулов айдоочулардын күнүмдүк планы 2 миң сом экенин айтты.
Депутат: "5 миң сом деп айтып жатышат. Ушуну көзөмөлгө алып, кат жүзүндө жөнөткүлө. Кантип 5 миң сом планды толтурат? Планды толтурбаса айлык берилбей жатыптыр", - дейт.
Вице-мэр бул маселени изилдеп, расмий түрдө жооп берерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

