super.kg logo

"1912-жылы өлкөгө кирген делген Lexus RX 300". ИИМ бул боюнча түшүндүрмө берди

 

Социалдык тармакта “I 02 01 AB” номурлуу Lexus RX 300 жол тандабасы автоматташтырылган маалымат тутумунда өлкөгө катталган жылы 1912-жыл деп жазылган сүрөт талкууга алынган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

"2018-жылдын 2-ноябрында жаңы “Транспорттук каражаттарын каттоо” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке киргизилген. Бул жаңы түзүлгөн автоматташтырылган маалымат тутумуна транспорт каражаттарына тиешелүү бардык маалыматтар эски базадан өткөрүлгөн.

Дал ошол которуу учурунда айрым транспорт каражаттарынын кээ бир маалыматтары техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу туура эмес өткөрүлүп калган. Мындай факты жарандык активисттер тарабынан социалдык тармакка чыккан.

Мекеме тарабынан дароо көңүл бурулуп, азыркы учурда социалдык тармакка чыккан “Lexus RX” үлгүсүндөгү 2001-жылы чыгарылган мамлекеттик номери “I 02 01 AB” автоунаасы “Транспорттук каражаттарын каттоо” автоматташтырылган маалымат тутумунда калыбына келтирилди", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик ишканасына байланышканыбызда которуу учурунда ката кетип калганын, ошондой эле мекеме кайдыгер карабаган жарандык активисттерге мекеменин маалыматтарын жарандар менен бөлүшүп тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: