super.kg logo

Нарында эки жерде унаа жолго таш түштү

 

Нарында эки жерде унаа жолго таш түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Нарын облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 262-чакырымында жана Жумгал районунун Арал-Миң-Куш унаа жолунда таш түшкөн. Учурда жол инспекторлору жана жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери таштарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Нарын облусунун аймагында аба ырайы туруксуз болуп, жааган жамгыр жана кардын натыйжасында Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Гөө жана Кубакы ашууларында жол тайгак болуп, ага каршы инерттик материалдар себилип, көзөмөлдөнүп жатат.

Муну менен катар жол инспекторлору унаа жолдогу кырсыктарды алдын алуу максатында атайын посттор уюштурулуп, унаалардын ортосундагы белгиленген аралыкты кыймыл сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: