super.kg logo
  Саясат  

Министрлер кабинетинде антикризистик комитеттин кеңешмеси өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Акылбек Жапаров учурда дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаал социалдык-экономикалык тобокелдиктердин пайда болушуна алып келип жатканын белгиледи. Кырдаалды эске алуу менен министрлер кабинети кризиске каршы кезектеги бир катар чараларды кабыл алды.

Антикризистик чараларды калыптандыруунун алкагында жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуштары документке киргизилген.

Кезектеги чаралар жыйындысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күнүмдүк керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: