Шахматчы Чыңгыз Исаев шахмат боюнча Эл аралык мелдеште коло медаль тагынды
Кыргызстандык шахматчы Чыңгыз Исаев шахмат боюнча Эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда анын машыктыруучусу билдирди.
Анын айтымында, Түркиянын Эскишехир шаарында өткөн Эл аралык мелдешке түрк тилдүү 10 өлкөдөн шахматчылар катышкан. Кыргызстандын атынан 8 спортчу барып, 14 жана 16 жашка чейинки куракка чейинкилерде оюнчулар швейцариялык систем боюнча 6 тур оюндарын өткөрүштү.
14 жашка чейинкилерде Чыңгыз Исаев 5 упай топтоп, 3-орунду ээледи. Кыргызстандын атынан барган оюнчулар жакшы оюн көрсөтүшүп, бирок байгелүү оюндарга илине алышпаганын кошумчалайт машыктыруучу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.