super.kg logo

Азия футболдук конфедерациясы Кыргыз футболдук союзуна Grasroots Charter боюнча коло статусун ыйгарды

 

Азия футбол конфедерациясы Кыргыз футболдук союзуна Grasroots Charter боюнча коло статусун ыйгарды. Кыргыз футболдук союзу балдар жана кыздар үчүн ар кандай курактагы топторду камтыган массалык футбол боюнча кеңири иш-чараларды өткөрүп келет.

Алсак, мектеп окуучуларынын арасында футболду жайылтуу максатында республика боюнча 15 жашка чейинки жана 17 жашка чейинки оюнчулар үчүн мектеп лигасы өтүп келет, 13 жаштан 16 жашка чейинки кыздар арасында турнирлер үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Кошумчалай кетсек, 2022-жылы 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарды камтыган республикалык долбоор ишке ашырылат. Ошентип КФС бул техникалык демилгенин алкагында жогору бааланган 38 өлкөнүн тизмесине кирди.

Бул кошумча шыктануу берип жатканын Кыргыз футболдук союзунун техникалык директору Ормомбеков Анарбек Дарданович белгиледи.

"Жалпы массалык футболго байланыштуу иш-аракеттери үчүн Азия футбол конфедерациясынын коло статусун берүү биздин уюм үчүн чоң сыймык. Grassroots массалык футболду жайылтуу жалпысынан футболдун маанилүү компоненти болуп саналат. Акыркы бир нече жылда биз уюм катары бул тармакты өнүктүрүүгө көп күч жумшадык жана эң негизгиси, өзгөчө өлкөбүздүн аймактарында белгилүү бир жыйынтыктарга жетиштик. Албетте, Азия футбол конфедерациясы биздин эмгегибизди баалап, коло макамын ыйгарганы мактанарлык. Бул статус өлкөбүздө массалык футболду өнүктүрүүгө кошумча стимул берет жана биз тараптан жооптуу уюм катары футболдун бардык аспектилери боюнча мыкты болууга түрткү берет", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: