Депутат: "Орусия менен Казакстандын чек арасында буудай, май, кумшекер ташыган вагондор туруп калды"
Депутат Бакыт Төрөбаев Орусия менен Казакстандын чек арасында буудай, май, кумшекер ташыган вагондор туруп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз ЕАЭБге мүчөбүз. Бүгүн эртең менен ишкерлер чалышты. Орусия менен Казакстандын чек арасында буудай, май, шекер менен темир жол вагондор туруп калыптыр. Бул маселени тез арада чечиш керек. Дагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча жагдай жаралып калышы мүмкүн", - деди Төрөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

