super.kg logo

Чүйдө алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Ал базардан мал алып, бирок акчасын бербей жүргөн дешет Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, 21-февралда Жайыл РИИБине 1973-жылы туулган С.Г. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш аял анын ишенимине кирип, Кара-Балта шаарындагы базарлардын биринен алдоо жолу менен эки баш бодо малын 142 миң сомго баалап алган. Ошондон бери акчасын же малын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Ж.К. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Териштирүү учурунда кармалган аялдын Жайыл районунун аймагында дагы ушул сыяктуу үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: