super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин кудасы кармалганы айтылды

 

Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги 17-мартта бизнесмен Кайрат Боранбаев кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, ал “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы айтылат.

Ушул эле күнү сот аны эки айга камакка алды. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалыматтар жарыяланган эмес.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып калганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Өткөн аптада Назарбаевдин инисинин уулу, бир нече кызматтарда иштеген Кайрат Сатыбалды кармалган. Ага "Казактелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: