“Абдыш-Атанын” чабуулчусу Алмаз Мирзалиев футбол боюнча өлкө чемпиондугунун башкы бомбардири
Алмазбек Мирзалиев. 20 гол.


Алмазбек Мирзалиев. 20 гол.

Мирлан Мурзаев. 13 гол.

Дэвид Тетте. 11 гол.

“Абдыш-Ата” футболдук клубунун чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев КРнын ТОП-Лигасынын 2013-жылкы сезонунун мыкты бомбардири болду. Бул тууралуу КРнын спорт журналисттери федерациясынын өкүлү Бакыт Шукуралиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Мирзалиев 2013-жылкы сезондун алкагында 18 оюн өткөрүп, 20 гол киргизген. 20 голдун 13үн ал “Манас” футболдук клубунун дарбазасына киргизген.
Тизмеде 2-орунду “Дордойдун” чабуулчусу Мирлан Мурзаев ээлейт. Анын эсебинде 13 гол бар (анын 6оосу “Манас” командасынын дарбазасына киргизилген).
Негизги үчтүккө Алмазбек менен Мирландын артынан “Дордойдун” чабуулчусу Дэвид Тетте өз ысымын жазган. Анын киргизген голдорунун саны - 11.
Кошумчалай кетсек, 2013-жылкы сезондун алкагында жалпысынан 84 футболчу гол киргизе алган. Сезон боюнча 80 оюн өткөрүлүп, жалпысынан 268 гол киргизилген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
joki_nur

25.11.2013. 21:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozyncho ele Garet bale go bul:) krasavchik
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.