Казакстанда интимдик кызмат көрсөткөн 10 студия жабылып, Кыргыз жарандары кармалды
Коңшу Казакстандын Шымкент шаарынын полициясы реалдуу убакыт режиминде интернет аркылуу порнографиялык материалдарды таратуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топту жок кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"Полиция бул тууралуу маалымат алты ай бою чогултулуп, андан кийин Казакстандын беш жана Кыргыз өлкөсүнүн алты жараны кармалды. Алардан болжол менен 44 миң доллар өлчөмүндөгү акча, эки Тойота Камри-70 жана бир Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаалары алынды", - деп айтылат полициянын маалыматында.
Мындан тышкары бул кылмыштуу топту Кыргыз жараны уюштурганы айтылды. Полиция кызматкерлери тинтүү учурунда Кыргыз жаранынан жана башка жарандардан да баңги заттарды алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.