Белгилүү футболчу Эрбол Атабаев Кыргыз жарандыгын алды. Эми "Ак шумкарларга" кошулушу мүмкүн
Орусиянын "Динамо Махачкала" футболдук клубунун оюнчусу Эрбол Атабаев Кыргыз жарандыгын алды. Ал эми футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасында ойноого талапкер экенин Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
"Эрбол Атабаев Кыргыз Республикасынын жарандыгын алды. Эми 21 жаштагы оюнчу Улуттук курама командага чакырылууга мүмкүнчүлүк ала алат. Азыркы убакытта оюнчу жаракатынан калыбына келип жатат. Эрболго чың ден соолук жана эртерээк сакайып кетүүсүн каалайбыз", - деп билдиришти Кыргыз футболдук союзунан.
Өткөн сезонду Атабаев канттык "Абдыш-Ата" клубунун курамында өткөргөн. Быйылкы жылы Орусиянын "Динамо Махачкала" командасына курамына кошулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.