super.kg logo

Бишкекте тоноого шектелип 26 жаштагы адам кармалды

 

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Мындай маалыматты Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматта жазылгандай, К.Г. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 12-мартта саат 04:00 чамасында борбордогу көчөлөрдүн биринен чала таанышы 800 түрк лирасын жана Айфон 11 (телефон кабында 5 миң сом болгон) үлгүсүндөгү телефонун күч колдонуу менен алып качып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "тоноо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 1995-жылы туулган К.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 701 02-83-26, 0 777 87-44-11, 0 701 99-99-14 же Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмү 0312 43-28-15 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: