super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: "Сары-Өзөн" командасы "Ала-Тоо" командасын жеңип, финалга чыкты

 

"Сары-Өзөн" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз-2022" турниринин жарым финалдык баскычында "Ала-Тоо" командасын 3:1 эсебинде жеңип, мелдештин финалына чыкты. Командага жеңиш алып келген 3 салымды тең алгачкы мүнөттө өнөктөштөрү менен биргеликте Кубаныч Султан уулу таштады. Ал эми "Ала-Тоонун" катарынан Аскат Аскаров бир гана салым менен жооп кайтара алды.

"Сары-Өзөн" командасы "А" тайпасындагы алгачкы оюнунда "Көк-Жал" командасын 18:4 эсебинде утуп алган. Муну менен алар өз тайпасында экинчи жеңишин камсыздап, финалга чыккан алгачкы команда болду. Ал эми "Б" тайпасында бүгүн финалга чыгуу үчүн болгон чечүүчү беттеште "Достук" жана "Ынтымак" командалары күч сынашат.

Белгилей кетсек, бул жылы Жогорку Лигада 6 команда ат салышууда. Нооруз турниринин учурдагы чемпиондору Талас облусунун "Ынтымак" командасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: