super.kg logo

Уланбек Худайбердиев "тамада Бакыт Букаевди жүзүмдү көрүп койгондугу үчүн өлтүрдүм" дейт

 

Белгилүү тамада Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган Худайбердиев Уланбек Турдибекович 1986-жылы туулган Өзбекстандын Анжиян облусунун Беш-Тал айылында төрөлгөн. Улуту – кыргыз.

Ал жасаган кылмыш иши боюнча төмөнкүдөй көрсөтмө берген.

Тергөөчү: - Кыргызстанга качан келдиң?

Худайбердиев Улан: - Кыргызстанга 5 жашымда келгем.

Т: - Кайсы жерде жашайсың?

Х.У.: - Ош шаарындан жашайм.

Т: - Орусияга качан бардың?

Х.У.: - Орусияга 2009-жылы кетип, кайра ошол жылы күзүндө келгем.

Т: - Москвадан акыркы жолу качан келдиң?

Х.У.: - 2013-жылы 28-октябрда келдим.

Т: - Ошондон бери каякта жашап жүрдүң?

Х.У.: - Орусиядан келгенде Бишкекте жашап жүрдүм.

Т: - Ким менен жашап жүрдүң?

Х.У.: - Радиоузелде, биржада, күнүмдүк мейманканаларда жашап жүрдүм.

Т: - Орусиядан эмне болуп келдиң бул жакка?

Х.У.: - Орусияда бир жарым жыл иштедим, бир жарым жыл уурулук менен Владимирсктеги абакта отурдум. Ал жактан паспортумду жоготуп, депортация болуп келдим.

Т: - Бул жерге эмне үчүн кармалып отурасың?

Х.У.: - Бир кишини үйүнөн өлтүрүп коюп кармалдым.

Кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген. 

“Ал кишинин үйүнө Мирлан аттуу бала алып барды. Мирлан менен биржага малчы издеп келгенде таанышканбыз. Биз ал кишинин (ред. Бакыт Букаев) үйүнө барып буюмдарын көрүп, акчаларын алып кетебиз дегенбиз. Биз 1 куртка, 2 жемпер, 1 шым, 1 ноутбук, 1 телефон, 1 коньяк, 1 вино жана 400 сомго жетпеген суммада акча алдык. Менин жүзүмдү көрүп калганы үчүн өлтүрүүгө бардым. 

Шеригим жардам берген жок. Ал кийин келди. Тамеки менен төшүн күйгүзгөн жокмун. Ошол жерде мен тамеки чегип отургам. Анан тамеки колумдан төшүнө түшүп кеткенби, билбейм. Эшикти такылдатканда үйдүн ээси өзү ачты, мен кирдим, шеригим сыртта болчу. Тамактанып отурганбыз. Анан мен душка кирип, жуунуп чыгып, ошол жерде калган аракты үйдүн ээси менен кошо ичип жатканда, тамеки чегип келем деп мен ашканага чыгып кеттим. 

Ал жактан эки бычакты көрүп калып, бир бычакты алдым. Ал бычак менен көкүрөгүнө эки жолу сайгам. Бычак сынып кетип, мен колумду кесип алгам. Ал киши менен күрөшө кетип, мен жаак жагына оң колум менен бир койгом. Ал киши жыгылып түштү. Арт жагына өтүп бууп, эсин оодаргам. Ал кишинин колу -бутун байлап, ашканада калган экинчи бычакты алып келип, моюн жагына эки жолу сайдым. Андан кийин бычакты ыргытып ийдим. Үстү -башымды жууганы ваннага кирип кеттим. Жуунуп чыгып, кийимдеримди кийип, сыртта калган шеригиме эшикти ачып, киргиздим.

Т: - Силерди ким тааныштырган болуп жатат?

Х.У.: - Мирлан деген бала тааныштырган. Анын каякта иштегенин билбейм.

Т: - Качан, кандай убакта тааныштыңар?

Х.У.: -Мен радиоузелде жумуш издеп карап тургам. Ошол жерде, радиоузелде иштеген  Рустам аттуу бала менен турганбыз. Ал жерге Мирлан келген, койчу издеп. Бир баланы алып кеткен. Анан кечинде биздин барарга жерибиз жок ошол базардын арт жагындагы күнүмдүк батирге бардык. Ал 8де ачылат экен. 180 сомго алып коюп базардын арт жагындагы отургучта Рустам экөөбүз арак ичип отурганбыз. 

Кийин ал жерден Мирланды көрүп калдык. Ал койчуну үйгө салам деп сүйлөшкөнү келген экен. Бизди көрүп калып, “Силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр?” деди. Биз "барарга жерибиз жок, үйүбүз жок" деп айттык. "Күнүмдүк мейманкананын ачылышын күтүп отурабыз" дедик. 

Жаныбызда эки орус арак ичип отурган. Алар урушуп кетип калышты. Алардан калган жарым бөтөлкө аракты ичип жаттык. Мирландын колунда закуска бар экен. Эт менен наны бар экен. "Кайда барып жашайсыңар эми?" деп бирөөгө телефон чалды. Ал кишиге "менде 2 бала бар. Бара турган жери жок" десе, макул болгон окшойт.

 Биз Мирлан менен Жибек Жолу-Жаш Гвардия бульвары тарапка бастык. Жаш Гвардиядан Мирлан айткан кишинин үйү тарапка бастык. 

Үйгө жеткенде Мирлан звонок кылып, “Биз келдик, силер келип калдыңарбы?” деди. Мирлан бизге ал кишини тойдон келе жатканын айтты. Карасак, бир киши келип, Мирлан менен учурашып калды. 

Көрсө, ал ошол үйдүн ээси экен. Бакыт деген киши экен. Кара пальто, кара шляпа кийген. Толук келген, узун бойлуу.

Т: - Ошол өлтүргөнүңө күнөөңдү сезесиңби?

Х.У.: - Ооба, сезем.

Т: - Үйлөндүң беле?

Х.У.: - Жок, үйлөнө элекмин.

Т.: - Мектепти каяктан аяктадың эле?

Х.У.: -Мектепти Оштон бүткөм. 

(ред: Кылмышка шектүү адамдын сөздөрү оңдолбой, айтканындай берилди)


кошулду





Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү адам кармалды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(138)
26.11.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ex chirkin duino kachanga chein kolunda jok beikuno baikuwtar aiyptala beret bizde kachsn adilettuu luk orun alat aitkylachy ili uwul boidon otobuzbu
26.11.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт Букаев кочодо калгандарды жашата турган инсан экенби. Ал учун Бакыт да ошолор менен табакташ же болбосо мамиле кылып жургон болуш керек болчу. Бул бир кочодо калганды кармап ошонун мойнуна коюшуп атышат да. Менимче олтургон адамдар кучтуууу адамдардан окшойт.
26.11.2013. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеону коруп, мен эле ишенбей жатам го десе......создору жатталма, эмоция жок, жогоруда бироо айткандай Бакыт байке кочодо жургондорду уйуно киргизе берчу адамдардан эмес да..... Кудай учун, арбак учун деле анык адамды тапсанар болмок, дегеним арбакты таарынткан жаман болот дешет
26.11.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага баарынан жаканы милиция кызматкерлеринин уялбай туруп суйлоп иштин бети ачылды деп жатканы ананда Жибек жолу Жаш гвардия жака бардык деп айтат а Бакыт Букаевтин уйу Бокомбайда деп айтышпады беле эптеп иштин бетин ачыш учун бироону кармап мойнуна алдырттыда байкуш балага жалка андан коро чыныгы кылмышкерди кармаш керек антпесе эртен дагы бироону олтурушот
26.11.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп эле тантып салды. Мирлан экөө чогуу кирсе, анан ал кайра жок болуп кетип экөө эле арак ичип отурган болуп калдыбы? Кызык...
SUPER.KG видео
26.11.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тасманы коруп жатып ушул кантип олтурсун,бул баланы эмнеге уйуно алып кирмек эле деп озумо суроо берип жатсам менден башка коментарий бергендер да бар экен ишенбей.мен да ишене алган жокмун,ур-токмоко алып эле мойнуна алдырып коюптур менимче.чыныгы кылмышкерди издегенден ээринип башка бироону кармагандарына зээнин кейит.кудай гана билер эми ак-караны.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
э бул жаттап алыптырго создорду ишенич жок бул шектуу эмес
26.11.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоосу уй жайы жок бир бечарага мойнуна алдырышкан го, менимче олтургон адам белгилуу эле адам болуш керек да шоу чойросунон Букаевдин коллегалары.
26.11.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоосу уй жайы жок бир бечарага мойнуна алдырышкан го, менимче олтургон адам белгилуу эле адам болуш керек да шоу чойросунон Букаевдин коллегалары.
26.11.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накта постава кылып койуптур бул олтургон эмес Букаевди
SUPER.KG видео
26.11.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кудай билет,ким олтургонун менделе ишенбедим,,,,,
26.11.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай Бакытка окшогон известный,авторитетный адам уйуно кайдагы бир кишини киргизип,ал менен чогуу арак ичмек беле?кызык.Чын эле бироонун куноосун оз мойнуна алып жатат бул киши.Тем более Бакыт байкенин ал куну тою баркен эле,кантип ичип алып тойго бармак ал.
solnyshko түзөттү 26.11.2013 12:17
26.11.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМ элди келесоо ойлоп жатат окшойт,создору дал келбейт,эптеп кочодогу бироого кылмышты уруп алдырышкан,оздору соз жаттатып коюшкан,чыныгы кылмышкерди тапкыла,болбосо адам олтуруу оюнчук эле болуп калды
26.11.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт келди коруштук дейт анан болсо жузумду коруп койгон учун олтурдум дейт бул жерде бир сыр барго
SUPER.KG видео
26.11.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип кочодогу алкаш адамды уйуно киргизип арак ичмек эле.такыр чындыкка окшошпойт. кебетесинен эле корунуп турбайбы кочодогу бомж экени.досу копоев айтты эле го кукси ичилиптир деп арак ичсе аны деле кормок да.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сокурга деле корунуп турбайбы бул адамдын жаттап суйлоп жатканы. Жаша
SUPER.KG видео
26.11.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Laden,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Билдирүүңүз эреженин талабына жооп бербейт! Эскертүү сизге!
26.11.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерде да арам тамак издеген адамдар коп экен. Менттерди ит деп бекеринен айтпаптыр да
SUPER.KG видео
26.11.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайлап ушинтип суйлогон мен коп акча урдаган адамды коргом ушинтип спакойный суйлогон
26.11.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошода... Жузумду коруп калганы учун олтурдум деп, уйго капытсан кирип барып тоноп кеткен адам айтса болот. А тигил биринчи кезигип, анан тоноп жатсам бетимди коруп калып олтурдум дейт. Кыскасы, тергоочу "Сценарийин" туура эмесирээк жазып алыптыр. Урматтуу тергоочу бул фильминиз отпой калды. Жаны Сценарий керекго...
26.11.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Specsgruppa_NSS, хе хе туура айтасын.Тергоочу сценарийди не доработал )
26.11.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунсом олойун апей мне дейт э мобул э? экооосу тамак жеп атып анан каерден эмне кылганын таанып коюптур? Бираз баамдай билген бироо болсо тушундуруп бергилечи суранам
26.11.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган эле мойнуна алдырган бул балага эч нерсе кылбагандай эле кеенири суйлоп жататкоо бул,ошол уруп сабап мойнуна алдыргандар бул жарыкчылыкта жыргашат,аа акыретте кандай жоооп берет болду экен эч нерседен корпойбу?окшошпой калыптыр бул кылганынар.
26.11.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир китепти окуп,перессказ кылып айтып берип аткандай го бул бала...
26.11.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологиялык жактан Жакшы Адам эмес эптеп мойнуна илдиришкен го
SUPER.KG видео
26.11.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ишенбейм, мотив жок, тантырап коргозмо берген, жаттап алганы билинип турат. Жаттатсанар да окшотуруп жаттатсанар болмок, урматтуу милиция кызматкерлери. Окуянын чындыгында кандай болгону айтылган жок деп ойлоп турам. Балким чынында ушул жигит олтургондур, бирок бир нерсени жашырып, ордуна башка версия жасап жатышат окшойт... Себеп?..
SUPER.KG видео
26.11.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спокойно турат го бети жок бетбак канкор как будьто бир жожо олтургондой.канча адамды какшатып койуп.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул декламация эле айтып атат го я??
26.11.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
букаевдин уйунондо олтургон адамдын медициналык кол кабы калган экен.Бул бомж анын эмне экенин да билбесе керек.Кылмышкердин бармак издери да калган эмес деп маалымат беришкен биринчи.Эми болсо бир бомжду кармап алышыптыр
SUPER.KG видео
26.11.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul emes bawka ele biroo olturso kerek, bunu ailasy ketkende eptep kystap moununa ilip kouywtuda, balkim bul be4ara dele kurulai doogo kalyp atkandyr, kim olturgonun al bette Allaxym bilet, birok kylmyw kylgan adam baribir tabylat
SUPER.KG видео
26.11.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кылса эгер куноону турмодо чирисин,атууну бекер эле жоюп салганда ушундайларды атыш ккерек болчу,
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: