super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Америкалык ковбойлор кыргыз улакчыларын жеңип алды. Оюн учурундагы кызыктуу көз ирмемдер (сүрөт)

 

19-март күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо америкалык ковбойлор менен кыргыз көк бөрүчүлөрү күч сынашты. Бул оюн АКШ менен Кыргыз өлкөсүнүн эки тараптуу достук мамилелеринин 30 жылдык мааракесинин урматына уюштурулуп, "Көчмөн менен Ковбой бирге жарышта" долбоорунун алкагында өттү.

Биринчи оюн 18-мартта өтүп, 6:5 эсебинде кыргыз улакчыларынын жеңиши менен аяктаса, 19-марттагы экинчи оюнда ковбойлор 8:6 эсеби менен жеңди.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кыргыз өлкөсүнүн АКШ элчилиги менен Көк бөрү федерациясы тарабынан биргеликте ишке ашырылып, анын негизги максаты - эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашуу болуп саналат. Ал эми 20-21-мартта ковбойлор Бишкек шаарындагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатка күбө болушуп, таңкы берүүлөргө катышат. Ошондой эле 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча америкалык команда утуп алган байгени Сокулуктагы балдардын реабилитациялык борборуна тапшырышат.

Ковбойлордун таржымалы:

Ник Уиллерт – аралаш мушташ искусствосу боюнча кесипкөй мушкер, бразилиялык джиу-джитсу боюнча 1-баскычтагы кара курдун ээси, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.

Уил Грант – Батыш АКШдагы адамдар жана жер тууралуу чагылдырган, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.

Лэдд Хауэлл – аттар үчүн кошулма чыгарган компанияда иштейт жана родео боюнча кесиптик жарыштарга катышат. Орус тилин билет, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.

Скотт Циммерман – АКШнын Көк бөрү боюнча 2016-жылкы курама командасынын мүчөсү жана 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан, команданын капитаны. Ал АКШнын Спорттун көчмөндөр түрү федерациясынын теӊ төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: