super.kg logo
  Спорт  

"Маанайлары беш". Америкалык ковбойлордун жеңишке жеткендеги эмоциялары сүрөттөрдө (фото)

 

19-март күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо америкалык ковбойлор менен кыргыз көк бөрүчүлөрү күч сынашты.

Биринчи оюн 18-мартта өтүп, 6:5 эсебинде кыргыз улакчыларынын жеңиши менен аяктаса, 19-марттагы экинчи оюнда ковбойлор 8:6 эсеби менен жеңишке жетишти.

Анда эмесе, оюн учурундагы америкалык ковбойлордун сүрөттөрүн тартуулайбыз. Сүрөт баяныбызда алардын сүйүнгөн жүздөрүн, кызыктуу эмоцияларын көрүүгө болот.

Уилл Грант - Батыш Американын жери жана эли тууралуу жазган журналист, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу

Лэдд Хауэлл – аттар үчүн кошулма чыгарган компанияда иштейт жана родео боюнча кесиптик жарыштарга катышат. Орус тилин билет, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу

Ник Уиллерт – аралаш мушташ искусствосу боюнча кесипкөй мушкер, бразилиялык джиу-джитсу боюнча 1-баскычтагы кара кемердин ээси, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу

Скотт Циммерман – АКШнын Көк бөрү боюнча 2016-жылкы курама командасынын мүчөсү жана 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан, команданын капитаны. Ал АКШнын Спорттун көчмөндөр түрү федерациясынын теӊ төрагасы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: