super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Биринчи Лигада 3-орунду "Жаштык" командасы камсыздады

 

Бүгүн, 20-мартта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган көк бөрү мелдешинин 3-4-орундар үчүн болгон беттештери болууда.

Анын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунан келген "Жаштык" командасы Таластын "Бакай-Ата Дөөлөт" командасын 2:1 эсебинде жеңип, Биринчи Лигада 3-орунду камсыздады.

Оюндагы салымдарды "Жаштыктын" катарынан Канат Алмаз уулу менен Шумкарбек Бакытбек уулу таштады. Ал эми "Бакай-Ата Дөөлөттүн" катарынан жалгыз улакты Дастан Алтынбек уулу жаратты.

"Жаштык" командасы буга чейин "Н" тайпасында "Чаткал" жана "Ат-Башы" командаларын жеңип кийинки баскычка өткөн. Ал эми чейрек финалда "Намыс" командасы менен оюн алып барып, Нарын облусунан командасы эрежени бузганы үчүн мелдештен четтетилгендиктен "Жаштык" жарым финалга өткөн.

Ал эми жарым финалда "Ийгилик" командасына 1:0 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.

Белгилей кетсек, "Жаштык" командасы быйыл көк бөрү боюнча Биринчи Лигада алгачкы жолу оюн көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: