Кыргызстанда быйыл 61,6 миң тонна пахта, 8,6 миң тонна тамеки жыйналды
25-ноябрга карата республика боюнча дан эгиндерин жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери толук аяктады. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, быйыл өлкөдө 8,6 миң тонна тамеки, 61,6 миң тонна пахта, 183,6 миң тонна кант кызылчасы жыйналды. Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү орто эсеп менен гектарына 274 центнерден айланды (2012-жылга караганда гектарына 70,6 центнерге көп экени айтылды).
Ошондой эле 180,7 миң гектар аянтка күздүк буудай, 10,5 миң гектар жерге күздүк арпа себилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

