super.kg logo

Украинанын Николаев шаарындагы казарманын уранды астынан 50дөй аскердин сөөгү чыгарылды

 

Украинанын Николаев шаарында орус күчтөрүнүн аскердик казарманы бутага алган ракеталык соккуларынан украин аскерлери курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, орус аскерлери чабуул койгон маалда казармада 200дөй аскер уктап жатканын 22 жаштагы украиналык жоокерге шилтеме кылып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Кеминде элүүдөй сөөктү алып чыгышты. Уранды алдында дагы канча киши бар экенин билбейбиз", - деп айтып берген өзүн Максим деп тааныштырган жоокер.

Николаев облусунун губернатору Виталий Ким "казармага 18-мартта сокку урулган жана куткаруу иштери ишемби күнү да уланды. Ал окуя украин аскерлери уктап жаткан мезгилде болгон" деп билдирди. Бирок казарма кайсы жерде жайгашканын, канча аскер жабыркаганын айткан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: