Кыргызстандыктардын 6-7 пайызы гана спорт менен машыгат
Кыргызстандын элинин 6-7 пайызы гана спорт менен машыгат. Мындай статистикалык маалымат президент тарабынан 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын тааныштырууда маалым болду. "Мындай көрсөткүчтөн улам учурда Кыргызстандын жашоочуларынын ден соолугу жашы-кары дебей начарлап барат. Эл аралык сынактарда дагы спортчулардын жеңиши чанда гана кездешет. Ошондуктан эл үчүн улуттук дене тарбия-спорттук тарбия берүүчү системди киргизүү зарыл",- деп жазылат аталган программада. Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев коомчулукка 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жолдору менен тааныштырды. Анын толук стратегиясы 2 жуманын ичинде ММКларга жарыяланмакчы. Андан соң жарандардын, серепчилердин пикирин эске алуу менен Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын жолу бекитилет.

