Нарындан Ошко барып уурулук менен алектенип жүргөн. 23 жаштагы жаран Бишкектен кармалды

"1999-жылы туулган Б.Ж`нын Ош шаарындагы коомдук жайларда жарандардын чөнтөгүнө кол салып, акчаларын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөнү аныкталып, издөө жарыяланган. Ал Нарын шаарынан Ош шаарына келип уурулук менен алектенип жүргөн. Учурда кармалган жарандын үстүнөн 6 арыз түштү. Келтирилген чыгым 130 миӊ сомду түздү.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 205-берене менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.