Укук коргоочу: "БУУ Украинадагы туткундардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалга бир нече жылдан бери көңүл бурбай келет"
Эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен улуттар уюмунун Украинадагы туткундардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалга бир нече жылдан бери көңүл бурбай келет. Мындай билдирүүсүн Донецк Элдик Республикасындагы адам укуктары боюнча комиссары Дарья Морозова РИА Новостиге билдирди.
"Эл аралык уюмдар кайда? Эмнеге укпай жатам? Бирок мен ишенем, сегиз жыл бою Кызыл Крест уюму да абактагыларды кыдырып, БУУнун Адам укуктары боюнча уюму да камактагылардын укуктарын көзөмөлдөөгө аракет кылышкан. Эмне үчүн мен азыр эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүн көрбөй жатам? Эмне үчүн БУУнун баш катчысы Киевдин туткундарга карата аракеттерин айыптабайт?", - деп билдирди Морозова.
Акыйкатчы муну бүтүндөй Женева конвенциясын толук бузуу катары баалайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.