БУУ: "Украинадан 3 миллион 300 миңден ашык адам чыгып кетти"

Маалыматка ылайык, БУУнун маалыматы боюнча качкындардын негизги агымы Польшага багытталган: өлкөгө 2 миллион 100 украин кирди. Андан кийин Европанын башка өлкөлөрүнө кетишкен.
518 миңдей украин качкындары Румынияга, 359 миң адам Молдовага кирген. Ошондой эле Венгрияга 299 миң, Словакияга 240 миң, Орусияга 184 миң, Беларуска 2548 качкын кирген.
Качкындардын 90 пайызга жакынын балдар жана аялдар түзөт.
"Качкындарга жардам берүү өтө маанилүү, бирок бул алардын коркуу сезимин токтото албайт. Бул согуштук аракеттерди токтотуу менен гана ишке ашат", - деп БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын башчысы Филиппо Гранди билдирген.
Буга чейин БУУ Орусиянын аскерий операциясынан улам 4 миллионго жакын адам Украинадан чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.