super.kg logo

Орусиянын эң ири аэропорту "Шереметьеводо" миңдеген кызматкер убактылуу ишсиз калды

 
Орусиянын эң ири аэропорту "Шереметьеводо" кызматкерлердин саны 20 пайызга (бир нече миң кызматкер) кыскартылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аэропорт жетекчилиги кызматкерлердин 20 пайызынын ишин убактылуу токтотушканын билдиришкен. Себеби учурда учактар Орусиядан чет өлкөгө учпагандыктан, бул жакка чет элдик авиакомпаниялар учпай калгандыктан түштүк терминал комплекси толугу менен жабылган. Ошол себептен кызматкерлердин санын кыскартууну чечишкен.
Жумушту аргасыздан токтото туруу мөөнөтү канчага созулары айтылган эмес. Алардын жумуш орду сакталып турганы, айлыгынын үчтөн экиси төлөнүп турары айтылды.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден тартып ондогон өлкө Орусия менен учак каттамын токтоткон, ал эми Европа биримдиги орусиялык учактар үчүн аба мейкиндигин жапкан.

“Шереметьево” аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы жети эсе кыскарып, азыр өлкө сыртына күнүнө эң көбү 15 учак чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: