super.kg logo

"НАТО Орусиядан коркот". Володимир Зеленськийдин кезектеги маегинин негизги учурлары

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський Украинада болуп жаткан акыркы кырдаал тууралуу "Сусупильне" Украинанын Улуттук Коомдук телерадиокомпаниясына ("Сусупильне") айтып берди.

Президенттин айтымында, Орусиянын ультиматум талаптары бүт Украина жок кылынганда гана аткарылат.

Зеленськийдин украиналык "Суспильне" телеканалына берген жаңы маегинин негизги учурлары:

1. Зеленський Путин менен каалаган убакта сүйлөшүүгө даяр;

2. "Путин менен жолугушууда мен Орусия нааразы болгон нерселердин баарын угууга даярмын жана украин эли эмне ойлосо, ошонун баарын айтам. Биз бардык маселелерди чече албайбыз, бирок алардын кээ бирлери чечилет деген үмүттөмүн. Биз жолугушсак жок дегенде согушту токтотобуз";

3. Украинаны НАТОго алышпайт, анткени алар Орусиядан коркушат. Мындан улам Украина башка коопсуздук кепилдиктерин издеши керек;

4. Крым жана Донбасс маселеси бардыгы үчүн оор окуя. Бул маселени президент гана чече албайт, бул узак процесс, аны Рада да, Украина эли да чечиши керек;

5. Сүйлөшүүлөрдө жетишиле турган Донбасс жана Крым боюнча бардык принципиалдуу компромисстер референдумда Украина эли тарабынан бекитилиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: